12:16, 16 января 2020, Бишкек - 24.kg
Токмок шаарындагы базарда дүкөндөр өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт шаардагы «Булак» базарынан чыккан.
Кесепетинен аянты 65 чарчы метр болгон эт сатуучу 2 соода күркөсү күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.