Оренбург облусунда жол кырсыгы катталып, кыргызстандык 8 жаран жабыркады

10:16, 16 января 2020, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Оренбург облусунда жол кырсыгы катталып, кыргызстандык 8 жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Самара — Оренбург жолунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, «Хонда Степвагон» унаасы менен сүзүшкөн. Экинчи унаанын ичинде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан.

«Кыргызстандык жарандардын баары тез жардам менен ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.