00:05
USD 84.77
EUR 103.24
RUB 1.14

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында беш саат сурак берип чыкты

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 15-январда Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыкты.

Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялуугун ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин билдирип, кайсыл иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу болгонун кошумчалады.

"Бул журналисттик ишмердикке байланыштуу болду. Беш саат сурак мени кыжаалат кылып, моралдык, психологиялык кысым болду", — деди ал.

«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Асланбек Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын, бул материалга байланыштуу тергөөчү телефондон аны да суракка чакырганын жарыялаган.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын билдирген.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргош үчүн гезитти былтыр август айында 10 миллион сомго сотко берип, 1 миллион сомго утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар