Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.
Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 9.00-11.00 — Токтогул, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9.00-17.00 — Тыныстанов, Мичурин, Жибек Жолу, Байтик Баатыр, Эркиндик бульварынын бир бөлүгү;
- 9.00-13.00 — Панфилов, 239, 241;
- 9.00-18.00 — Керимбеков, Фатьянов, Пожарский, Минин, Горький, Манас, Бөкөнбаев, Кулатов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Белинский бурулушу;
- 9.30-17.00 — «Арча-Бешик» (Ак-Тан, Чортеков, Кереге-Тоо, Тулпар-Таш, Ак-Кайың, Күйүкова);
- 10.00-17.00 — Ибраимов, 31/1, 32, 34, Бөкөнбаев;
- 11.00.13.00 — Набережная, Ереванская;
- 12.00-17.00 — «Аламедин-1», 3, 3а, 4, 4а;
- 13.00-17.00 — Орозбеков, 112, 114.