Оштун тургунунан 2 жарым килограммдык гашиш табылды

10:38, 15 января 2020, Бишкек - 24.kg

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундан 2 жарым килограммдык гашиш таап чыгышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 35 жаштагы А.И.ни текшерүү маалында 2,465 килограммдык баңгизат табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.