10:08, 15 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасынын бейтаптарды кабыл алган айрым дарыгерлери ишке чыкпай коебуз деп коркутушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине медициналык мекемеден жеке булак билдирди.
Маалыматка караганда, буга себеп жакында эле баласын көрсөткөнү келген жарандын дооматынан кийин дарыгердин иштен кетүүсү болду.
Буга байланыштуу медиктер көтөрүлүш уюштурууну пландап жатышат.
Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.