Бишкекте мурунку аялын өлтүргөнгө шектүү делген жаран кармалды

09:24, 15 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мурунку аялын өлтүргөнгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Окуя 12-январда болгон.

«Маалыматка караганда, каза болгон аял шектүү менен бир канча жыл мурун ажырашкан. Окуя болгон түнү мурунку күйөөсү аялдын үйүнө келген. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү аялды бычак менен сайып жиберген. Каза болгон аялдын артында 2 баласы калды», — деп билдиришти редакцияга.