16:32, 14 января 2020, Бишкек - 24.kg
Кечээ бейтап сөзү менен коркуткан дарыгер бүгүн иштен кетти. Бул тууралуу дарыгер 24.kg агенттигине өзү билдирди.
Анын айтымында, арызын кабыл алышты. Дарыгер бейтаптардын шылдыңына чыдоого күчү калбагандыгын кошумчалады.
«Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, эл дарыгерлерди сыйлабаса, анда баардык медиктер кетип калышат. Мен өз ыктыярым менен кетүү тууралуу арыз жаздым, анткени мага карата жаман мамилеге чыдоого алым жок», — деди ал.
Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.