11:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Иранда «Боинг» учагынын атып түшүрүлүшүнө катышы бар бир нече киши кармалды

Иран бийлиги атып түшүрүлгөн «Боинг» иши боюнча бир нече кишини кармады. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Сот бийлигинин басма сөз катчысы Гхоламхоссейн Эсмаилиге таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын баарынын трагедияга катышы болгон. Ал канча киши кармалганын так айткан жок.

Анын алдында Иран президенти Хасан Роухани телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, 176 кишинин өмүрүн алган «Боинг» учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. Буга чейин иран аскерлери «Украина эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты кокустан атып алганын мойнуна алышкан.

Украиналык учак 9-январда эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кырсыктаган. Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон. Расмий версия боюнча аскерлер учакты канаттуу ракетага алмаштырып алып, эки жолу ракета менен атышкан.
Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби