Анын айтымында, кармалгандардын баарынын трагедияга катышы болгон. Ал канча киши кармалганын так айткан жок.
Анын алдында Иран президенти Хасан Роухани телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, 176 кишинин өмүрүн алган «Боинг» учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. Буга чейин иран аскерлери «Украина эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты кокустан атып алганын мойнуна алышкан.
Украиналык учак 9-январда эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кырсыктаган. Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон. Расмий версия боюнча аскерлер учакты канаттуу ракетага алмаштырып алып, эки жолу ракета менен атышкан.