Эртең Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

17:45, 13 января 2020, Бишкек - 24.kg

Эртең Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.

Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Аламүдүн РЭСи

  • 10.00-17.00 — Көк-Жар айылы (Матыев, Үмөталиев, Нурмамбетов, Арпачиев, Полевая, Сыргак);

Сокулук РЭСи

  • 9.00-17.00 — Сокулук айылы (Фрунзе, Жеңиштин 40 жылдыгы), Гавриловка (Дружба), Шопоков (Западная, Степная, Тургенев);
  • 10.00-17.00 — Манас айылы (Дружба, Пушкин, Ломоносов, Высоцкий, Спортивная, Черемушки, Школьная, Радиоцентральная), Учкун (Осмонбек, Береговая, Пионер).