Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

12:20, 13 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын ноябрында укук коргоо органдарына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал азиат улутундагы эркек киши былтыр 30-ноябрда «Көк-Жар» кичи районундагы тигүү цехинин жанынан кызды ала качып кеткенин айткан. 

Фото

Окуяга шектүү делип 2000-жылы туулган жаран кармалды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.