Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

09:48, 13 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.