«Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. «Кыргызалтын» ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Ал эми Солтон-Сары алтын кени ишин токтоткон жок», — деп билдирди ал.
Өткөн жылдын 27-декабрында Нарын районунун Оттук айылында «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кениндеги алтын өндүрүүчү фабрикасынан курамында алтын бар кошулма уурдаган топ кармалган.
Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар кошулманы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.
Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамкекеттик ишканасынын өндүрүштүк филиалдарынын бири. Кенде 150 киши иштейт.