Ноокатта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочу жаракат алды

10:35, 10 января 2020, Бишкек - 24.kg

Ноокат—Көк-Бел унаа жолунун 15-чакырымындагы Котормо айылында «КамАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, унаанын айдоочусу жаракат алды.

«Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.