Өлкөдө курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны азайды

09:32, 10 января 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын биринчи жумасында, 30-декабрдан 5-январга чейин ооругандардын саны 27,4 пайызга азайган.

Жалпы 5 миң 236 учур катталды. Алардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар (67 пайызы).