16:39
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Былтыр Бажы кызматынан түшкөн каражат 43 миллион сомдон ашты

2019-жылдын январь—декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 миллион сомго көп болду. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жеенбаева менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда айтылды.

Мамлекет башчысы 2019-жылы каралган республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана параметрлери менен таанышты.

Министр Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 миллион сомго өскөн.

«2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 275,4 миллион сомду түздү», — деди ал.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 миллион сом деп пландалып жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар