13:41, 09 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, чымыр дене түзүлүштөгү 2 жаш жигит Токтогул көчөсүндөгү кеңсенин короосунан кол салышкан. «Бирөөсү аркадан кол салды, мен кулап калгандан кийин экинчиси тепти. Колумдагы телефонду алып кетишти. Андан башка эч нерсе алышкан жок. Бул талап-тоноо эмес деп ойлойм. Алар коркутуп коюуну чечишкен өңдүү», — деди Болот Темиров.
Буга чейин редакцияга белгисиз 2 жаран үй комитети башчысынан Factcheck сайтынын кеңсеси кайда жайгашканын сурап кызыгышканын билдиришкен.