Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 263 бейтап кайрылды

12:13, 09 января 2020, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (08.01.20-ж.) 263 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 181и жаш балдар.

«Кайрылгандардын 71и ооруканага жаткырылган, алардын 64ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 23 адам кайрылса, 13ү ооруканага жаткырылып, 10 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 104 адам кайрылган, алардын 33ү ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.