Супермаркеттин жанындагы мушташ. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы узартылды

11:13, 09 января 2020, Бишкек - 24.kg

Супермаркеттин жанында эркек кишини аесуз сабаганга шектелгендердин баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышев 31-январга чейин камакта болот. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Жал кичи районундагы мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков өздөрү милицияга келген болчу.