14:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ала-Бел ашуусунда 4 оор жүк ташуучу унаалар тыгылып калган. ӨКМ жардамга келди

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда 4 оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып, тыгылып калган. Кырсык болгон жерге 2 куткаруучу КамАЗ унаасы менен барып, тыгылып калган унааларды чыгарууга жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 65-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу барып, унааны жолго сүйрөп чыгарышкан.

Жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар