13:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Төрт күн ичинде 4 миңге жакын жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 2019-жылдын 31-декабрынан 2020-жылдын 3-январына чейин 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 38 айдоочу, мас абалда рул башкарган 94 айдоочу, жасалма номур менен унаа айдаган 6 айдоочу, тиешелүү документи жок 49 айдоочу кармалды.

«Унаа башкарып бара жатып бейбаштык кылган 2 айдоочу, катуу ылдамдык менен жүргөн 637 айдоочу, жол белгилерине баш ийбеген 380 айдоочу жана башка бузуу фактылары менен 3 миңге жакын айдоочу кармалды. Айыппулдардын суммасы 7 миллион 136 миң сомду түздү, анын 485 миңи мамлекеттик казынага өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар