Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок мүлктөрдү камактан чыгарды

09:10, 09 января 2020, Бишкек - 24.kg

Аскер прокуратурасы мурунку президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок мүлктөрдү камактан чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 9-13-август күндөрү ИИМдин тергөө башкармалыгы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти иликтөөнүн алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын туугандарынын 135 даана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү камакка алынган. 17-августта мүлктөрдү камакка алуу тууралуу материалдар Аскер прокуратурасына текшерүү үчүн өткөрүлүп берилген.

«Учурда мурунку президентке тиешеси болбогон мүлктөр камактан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.