05:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Араван районунда өз кызын зордуктаганга шектүү делип 45 жаштагы атасы кармалды

Ош облусуна караштуу Араван районунда өз кызын зордуктаганга шектүү делип 45 жаштагы атасы кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, зордуктоо фактысын 2019-жылдын декабрында дарыгерлер аныктап чыгышкан.

«Туугандары 15 жаштагы кызды гинекологго алып барышкан, анда кыздын бир жылдан ашуун убакыттан бери зордукталганы аныкталды. Шектүү катары атасы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматка ылайык, өспүрүм биринчи жолу 2018-жылдын сентябрында зордукталган. Учурда жабырлануучуга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Кыздын энеси 2016-жылы каза болуп калган», — деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар