14:40, 31 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2 унаа кагышып, 2 киши жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош унаа жолунун 258-чакырымында «Тойота Секвойя» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кесепетинен 1976-жылы туулган аял жана 1999-жылы туулган кыз жеңил жаракат алышкан.
Куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.