Бүгүн Ала-Тоо аянтында тез жардам кызматынын 2 бригадасы нөөмөттө болот

10:42, 31 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында тез жардам кызматынын 2 бригадасы нөөмөттө болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, аталган борбор күчөтүлгөн режимде иштеп баштады.

«Бригадаларды линияга чыгаруу үчүн аракет кылабыз. Алардын саны-38. Бирок тилекке каршы биздин дарыгерлер да ооруп, кечээ 37 бригада иштеди. Аянтта жандандыруу жана кардиобригада нөөмөттө турушат», — деди ал.