Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

10:17, 31 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө кечээ Ош облусунун аймагында катталды.

Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.