КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевга шектелип жаткандыгы тууралуу дагы 4 билдирме тапшырылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
Айтымында, ал куралдарды басып алуу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу, адамды кооптуу учурга таштоо жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүү боюнча шектелүүдө. «Баш-аягы 7 эскертме берилди. Алардын катарында барымтага алуу, бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасоо жана массалык башаламандык уюштуруу бар», — деди Кундуз Жолдубаева.
Ал мүлкүн камакка алышканын кошумчалады.
Сот Кундуз Жолдубаеваны үй камагына чыгарган. Буга чейин ал Мээрбек Мискенбаев сыяктуу күбө катары өтүп келген. Мээрбек Мискенбаев № 1 тергөө абагына киргизилген.