13:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сутка ичинде америка доллары 69,6 сомго чейин түштү

Кыргызстанда доллардын наркы арзандап жатат. Сутка ичинде америка доллары 69,6 сомго чейин түштү.

Бүгүн Бишкектеги акча алмаштырчу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,3-69,4 сомдон сатып алып, 69,6-69,7 сомдон сатышууда.

Улуттук банктын номиналдык курс — 69,6439 сом.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллар 2 жумадан бери арзандап жатат. Анын наркы бул убакыт аралыгында 25-30 тыйынга арзандады. Бирок Улуттук банк азырынча валюта базарындагы абалга аралаша элек.

Эң көп окулган жаңылыктар