Жаңы жыл. Баткенде 1 миң 350 кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

14:01, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жаңы жылдык майрамга карата 30-декабрдан 1-январга чейин Баткенде 1 миң 350 кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу бүгүн Баткен шаарында ИИМдин кызматкерлеринин горнизондук кароосунда айтылды.

Маалыматка ылайык, облус аймагында элдин тынчтыгын камсыз кылуу максатында мобилдик топтор уюштурулуп, техникалык каражаттар тартылган.

Ошондой эле коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен чек ара тилкелеринде улуттар арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу багытында, башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү органдар менен күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүлөт.