08:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жергиликтүү кеңештердин 11 депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоду

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин 11 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШК билдирди.

27-декабрда БШК Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ысык-Көл облусу:

1. Сатыбалдиев Жеңиш (Түп районунун Түп айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Осмонов Заирбекке өткөрүп берилди.

2. Өмүркулов Урмат (Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эсенов Тилекке өткөрүп берилди.

3. Жукешов Мирлан (Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Нургазы уулу Саламатка өткөрүп берилди.

4. Турдалиева Майрам (Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Безкоровайне Жаннагаөткөрүп берилди.

5. Рахманов Асылбек (Ысык-Көл районунун Темир айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акматов Нурбеккеөткөрүп берилди.

Нарын облусу:

6. Чакиев Талантбек (Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Асанбаев Мирбекке өткөрүп берилди.

7. Молдоянова Күлмайрам (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жумабаев Канатбекке өткөрүп берилди.

Ош облусу:

8. Ажибеков Илимбек (Алай районунун Алай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эргешов Азаматка өткөрүп берилди.

9. Калматов Бабажан (Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чыбышов Токтогулга өткөрүп берилди.

Чүй облусу:

10. Кадыров Жамалдин (Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жоробекова Гүлмирага өткөрүп берилди.

11. Донецко Юрий (Жайыл районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Бейшенбаев Мусралга өткөрүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар