Базар-Коргондогу 112 миң сомдук балатынын көрүнүшү тургундарды нааразы кылды

10:36, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 112 миң сомго балаты орнотушту. Жаңы жылдык балатынын сүрөтү соцтармактарда жарыяланды. 

Фото

Соцтармактын колдонуучулары 112 миң сомдук балатынын көрүнүшү ушундай болобу деп таң калып жатышат.

«Урматтуу мекендештер, бул балаты Базар-Коргон районунда орнотулду. Анын баасы 112 миң сом. Калган каражатты айыл өкмөтү менен аким «жеп алдыбы?»», — деп жергиликтүү тургандар суроо узатышууда.