Мас абалда унаа башкарган айдоочу колго түштү

10:16, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Юнусалиев көчөсүнөн тартип сакчылары менен ЖМК өкүлдөрү биргеликте шек жараткан «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү терезелери караңгылатылган унааны токтотушкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине программанын журналисти билдирди. 

Фото

Анын айтымында, 1994-жылы туулган айдоочу мас абалда болгон. Ошондой эле анын баңгизатын колдонгонун адистер тастыкташты. 

Айдоочуга карата алкоголь жана баңгизатын колдонгондугу, терезесин караңгылатып унаа башкаргандыгы үчүн акт түзүлдү. Унаа айып короосуна киргизилди.