Баш калаада жаштар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт

09:39, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаштар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан маалымдашты.

Спорттук иш-чара 3-12-январь күндөрү өтөт.

Мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки улан кыздар катыша алат. Билдирүүгө ылайык, өлкөнүн ар тарабынан 10дон ашуун спортчу ат салышмакчы.