09:31, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда доллардын наркы бир жума ичинде 15 тыйынга арзандап, акыркы 3 айда биринчи жолу 69,7 сомду түздү.
Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар америка валютасын 69,5-69,6 сомдон сатып алып, 69,7 сомдон сатышууда.
Номиналдык курс −69,697 сом.
Белгилей кетсек, ушундай эле абал сентябрдын аягында байкалган. Анда доллардын наркы 69,6 сомго түшүп, октябрдын алгачкы жумасында кайра 69,9 сомго чыккан.