12:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Милициянын айлыгы, транспортко бажы төлөмдөр көбөйөт. 2020-жылы эмне өзгөрөт?

Жыл жаңырышы менен кыргызстандыктарды бир топ өзгөрүүлөр күтөт. 24.kg агентиги алардын ичинен жалпы өлкөгө тиешелүү боло турган жаңы жоболорду тизмектеди.

Транспортко бажы төлөмдөрү кымбаттайт


2019-жылы Кыргызстандын ЕАЭБтеги айрым жеңилдиктери токтойт. Анын бири экономикалык биримдиктин аймагына транспорт ташып келүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн арзан баасы.

Жаңы жылдан тарта транспортко бажы төлөмдөр 10 эсеге кымбаттайт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Кыргыз өкмөтү жеңилдиктин мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок, ЕАЭБтеги өнөктөштөрү макул болгон жок.

Унааны милдеттүү камсыздандыруу жоопкерчилиги карала баштайт


2020-жылдын январь айынан тарта юридикалык жактардын автомобилди милдеттүү түрдө камсыздандыруу текшерилип баштайт. Камсыздандыруудан баш тарткандардын жоопкерчилиги каралат.

Ал эми камсыздандыруудан баш тарткан мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жоопкерчилигин кароо мөөнөтү 1 марттан тарта ишке кирет.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Эскерте кетсек, 2015-жылы транспортту милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзам долбоору кабыл алынган. Бирок, аны күчүнө киргизүү мөөнөтү 3 жылга жылдырылган. Мыйзам иш жүзүндө 2019-жылы ишке кирди, бирок, анда көрсөтүлгөн талаптан баш тарткандарды жоопко тартуу чаралары 2020-жылы ишке ашат.

Милициянын маянасы көбөйөт


интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды
2020-жылдан тарта ички иштер кызматкерлеринин ишмердиги боюнча мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык милициянын айлык маянасы 40 пайызга көбөйөт. Пенсиясына дагы кошулат. Андан сырткары, аймакта иштеген кызматкерлерге кошумча жеңилдиктер берилет. Жалпысынан милициянын турак жай, эс алуу, дарылануу маселелери чечилет.

Май куюучу жайлар автоматташтырылат


2020-жылдын 1-июлунан тарта май куюучу жайларда автоматташтырылган эсеп киргизилет. Негизи бул жобо апрель айында ишке кириши керек эле бирок бизнес коомчулуктун суранычынан кийин өкмөт июлга жылдырды.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Шайлоолор өтөт


2020-жыл шайлоого бай болот.

12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Анын 25и айылдык кеңеш, беши (Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлы-Суу) шаар.

4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо болот.

Испания, Италия жана Австрияга баруу жолу кыйындайт


интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия жана Австрияга виза берүүдөн баш тартты. Элчиликтин билдирүүсүндө, Германияга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны өтө көп болгондуктан кызматкерлери жетишпей жатат. Андыктан, айрым өлкөлөргө виза берүүдөн баш тартты. Эми жогоруда аталган өлкөлөргө баруу үчүн кыргызстандыктар Нур-Султандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылышат.

Эң көп окулган жаңылыктар