Ново-Покровка айылында үй өрттөнүп, 1 киши каза болду

10:34, 27 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында үй өрттөнүп, 1 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык айылдын Чкалов көчөсүндө болгон.

Кесепетинен үйдүн 60 чарчы метр чатыры, от жагуучу жана уктоочу бөлмөсү күйүп, 1959-жылы туулган Х.А. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болду.

Учурда өрттүн себеби такталууда.