Баш калаада жаңы жылдык жармаңке өтүүдө

12:31, 26 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Курманжан датка эстелигинин алдында жаңы жылдык жармаңке өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жармаңкеде ар кандай азыктар, кол эмгектери сатылууда.

Иш-чарага келген конокторго коомдук унаада жүрүү үчүн «Тулпар» картасы акысыз берилүүдө.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык жармаңке 30-декабрга чейин уланат.

Эске салсак, буга чейин мэрия 2020-жылдын январынан тарта коомдук муниципалдык унааларга электрондук билет киргизүүнү кабарлаган.