Рубрикатор
  • Власть
  • Общество
  • Экономика
  • Происшествия
  • Агент 024
  • Спорт
  • Техноблог
  • Спецпроекты
  • Кыргызча
  • English
  • Бизнес
Кыр Eng Архив
Наши услуги
Рубрикатор

Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты өтүп жатат

11:45, 26 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева экөө катышууда.

Мамлекет башчы балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, балдарын окууларына ийгилик каалады. «Ата-энелериңер менен мугалимдерди кубантып жүрө бергиле, дениңер сак, өмүрүңөр узак болсун», — деди ал.

Президенттик балаты ыр, бий менен коштолду. Майрамдын соңунда окуучулар өз колдору менен жасалган роботту президентке тартуулашты.

Президенттин атынан өткөрүлгөн жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1 миң 100 окуучу чакырылган. Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

 
 
  • Власть
  • Общество
  • Экономика
  • Происшествия
  • Спорт
  • Агент 024
  • Техноблог
  • Кыргызча
  • English
  • Бизнес
  • Видео
Телефон +996 (312) 66-01-88
Почта info@24.kg
© ИА «24.kg». Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18