09:51, 26 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
2020-жылы салттуу музыка жумалыгын Кыргызстандын бардык аймагы жогорку деңгээлде белгилейт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду.
«Бул жумалыктын негизги максаты — жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Иш- чараларга министрликтин карамагына караган бардык окуу жайлар тартылат», — деди министр.
Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгынын алкагында мастер- класстар, тегерек столдор уюштурулат.
Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук маданият министрлиги тарабынан 2008-жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген.