16:52, 25 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолун курууда үнөмдөлгөн каражат Нарын облусунун Ак—Талаа, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондоруна баруучу чоң жолдун боюндагы Нарын районунун Жерге—Тал айыл аймагы аркылуу өткөн жолдун курулушуна жумшалат. Бул боюнча тиешелүү банктар менен макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу депутат Алмазбек Акматов бүгүн «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.
Маалыматка караганда, курула турган 23 чакырымдык жол Кызыл—Жылдыз, Жаңы-Талап, Жалгыз-Терек айылдарын камтыйт.
Ошондой эле быйылкы «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» алкагында, элет жерлерин интернет менен камсыздап, уюлдук телефондордун сапаттуу тартуусуна жетишүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын депутат кошумчалады.