USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бишкекте милиция жоголуп кеткен 16 жаштагы кызды таап беришти

16:28, 25 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте милиция жоголуп кеткен 16 жаштагы кызды таап беришти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кечээ Ленин РИИБга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Ал жашы жете элек кызын таап берүүнү суранган.

«Кыз кечээ болжол менен саат 17.00дө Чүй проспектиси районунан маршруткадан түшүп, бирок үйүнө кайтып келген эмес. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бүгүн таң эрте милиция кызды Дэн Сяопин көчөсүнөн таап, ата-энесине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кыздын кайда жүргөнүн жана үйүнө эмне себептен барбаганын маалымдашкан жок.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика