Орусияда издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандар кармалды

15:36, 25 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Орусияда издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандар кармалды. Бул тууралуу 25-декабрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин буйругу менен Орусияга Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмышкерлерди издөө максатында жөнөтүлгөн.

Атайын иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай айыптар менен (адам өлтүрүү, каракчылык, пара талап кылуу ууручулук, унаа айдап качуу, бейбаштык) издөөдө жүргөн 22 кыргызстандык жаран аныкталды. Алардын 10у орусияда жазаларын өтөп жатышат.