15:17, 25 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн эмне үчүн узартуу керектиги тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, 4-5 жыл мурун өлкө аймагына оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салынган. Ал эми буга чейин алынып келинген оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартышкан. «Кыргызстанда оң рулдуу унаалар миңдеп саналат, алардын абалдары жакшы, мындан ары да пайдаланууга жарактуу. Аларды биздин жарандар сатып алышкан. Мындан улам биз дагы 5 жылга узартуу үчүн мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январдан баштап жарандарды токтотуп, кыйнабасын деп эскертип коеюн дедим», — деди Иса Өмүркулов.
Эске салсак, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого 2015-жылдын 3-июнунда тыюу салынган.