14:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент: 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү

Таза суу программасын ишке ашыруу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Айтымында, программадагы 653 калктуу конуштун ичиндеги 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү. Жылдын аягына чейин 11 айылда курулуш аяктайт.

«Айылдарды жана шаарларды таза-суу менен камсыздоо программасына тиешелүү 320 миллион долларды түзгөн долбоорлор ратификациядан өттү», — деп кошумчалады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар