12:16, 25 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Таза суу программасын ишке ашыруу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Айтымында, программадагы 653 калктуу конуштун ичиндеги 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү. Жылдын аягына чейин 11 айылда курулуш аяктайт.
«Айылдарды жана шаарларды таза-суу менен камсыздоо программасына тиешелүү 320 миллион долларды түзгөн долбоорлор ратификациядан өттү», — деп кошумчалады президент.