12:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 8 миллион евро грант бөлдү

Европа биримдиги 23-декабрда өкмөттүн эсебине 8 миллион 50 миң евро өлчөмүндө грант которду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, Европа биримдиги 2020-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн өкмөткө 32 миллион еврого колдоо көрөтөт.

«ЕБнын бул программасынын максаты — билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгууга жардам берүү, билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын жетишкендигин баалоо системасын жакшыртуу, көп тилдүү билим берүүнү алдыга жылдыруу, мамлекеттик каражатты башкарууну илгерилетүү. Мындан тышкары гранттык каражат китептерди сатып алууга, республикадагы мектептерди Интернет менен камсыздоого дагы багытталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Билим берүү тармагында жаңы программа баштоо тууралуу келишимге 2019-жылы июлда кол коюлган. Буга окшогон мурдагы программа 2014-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Анын алкагында өлкөгө 32 миллион евро бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар