Депутат: Бишкекте гүлдөрдү эмес, көп бак-дарак отургузуу керек

17:00, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте гүлдөрдү эмес, көп бак-дарак отургузуу керек. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Депутат Бишкек мэриясына шаарды жашылдандыруу боюнча системалуу программа керек деп эсептейт.

Вице-мэр Мирлан Амантуров 2020-жылы жер аянттарын газон менен жабдууга басым жасала турганын айтты.

«Бактардын ортосундагы жер аянттарына газон төшөлөт. Бул жылы 10 миң бак-дарак отургузулду, кийинки жылы 20 миң көчөт отургузууну пландап жатабыз», — деди Мирлан Амантуров.