Санкт-Петербургда кыргызстандык бир куту тамеки уурдагандыгы үчүн абакта отурат

15:42, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран бир куту тамеки уурдагандыгы үчүн абакта отурат. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы Санкт-Петербургдун сотуна шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-июлунда айыпталуучу жолдо өтүп бара жаткан жарандын ийинине жана ичине атайлап муштап, 160 рубль акчасын жана куту тамекисин алып кеткен.

Буга чейин 37 жаштагы кыргызстандык ЛГБТ-активисти Елена Григорьеванын өлүмүнө шектелип кармалган. Аны тергөө абагына киргизишкен, бирок көп өтпөй укук коргоо органдары башка шектүүнү кармашкан болчу. Ал мойнуна күнөөнү алган соң, кыргызстандык жаран кое берилген.