14:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте муз скульптураларынын «Назик кооздук» аталышындагы көргөзмөсү өтөт

Бишкекте муз скульптураларынын «Назик кооздук» аталышындагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көргөзмө 5-13-январь күндөрү Бишкек шаардык базарында өтөт.

Сынакка катышууну каалагандарга эшик ачык. «Сүрөтчү, скульптор, ЖОЖ студенттерин, мугалимдерди жана окуучуларды иш-чарага катышууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен үч алдыңкы орун аныкталат:

  • I орун — 70 миң сом;
  • II орун — 40 миң сом;
  • III орун — 25 миң сом.

Арыз менен эскиздер 2020-жылдын 5-январына чейин кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар